Бишкекте эскирген нанды кайра иштетип башташты

Бишкекте эскирген нанды кайра иштетип башташты. Аларды чогултуу үчүн шаар көчөлөрүнө атайын челектер орнотулган. Тургундар мындай жаңычылдыкты жакшы кабыл алды.

 

Айына активисттер 2-3 тонна нан чогултууда. Ишканадан аны кургатып, майдалашат. Андан кийин жүгөрү, арпа кошулат. Жыйынтыгында мал үчүн пайдалуу жана арзан тоют даяр болот.