Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Россиядан кошумча 500 миллион доллар албайт

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Россиядан кошумча 500 миллион доллар албайт. Мекеменин төрагасы Эркин Асрандиевдин айтымында, учурда фонд өзүнүн капиталын көбөйтүү аракетинде, андыктан карызга каражат алуу суроосу жылдырылды.

 

Асрандиев эске  салгандай, фонддун уставдык капиталын түзүү үчүн Россия биринчи траншын кайтарымсыз негизде берген. Ал эми кошумча акча алынса, аны үстөк пайызы менен берүү керек болот. Жалпысынан, фонд ачылгандан бери долбоорлорго 325 миллион доллар берди.