Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн имараттарды калыбына келтирүүгө 700 миллион сом бөлүндү

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында талкаланып, өрттөлгөн имараттарды калыбына келтирүүгө 700 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди.

 

Ал тактагандай,  500 миллион сом социалдык объектилерди курууга жана оңдоого жумшалса, калган 200 миллион сом талкаланып, өрттөлгөн турак жайларды калыбына келтирүүгө багытталат.

 

Учурда жеринде атайын комиссия иштеп, келтирилген зыянды эсептеп жатат. Эске салсак, 28-30-апрелдеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жүздөгөн имарат талкаланып, өрттөлдү.