Бишкекте күнү-түнү дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

Бишкекте күнү-түнү дезинфекциялоо иштери жүрүүдө.

Мэриянын маалыматында, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын

кызматкерлери аялдамаларды, аянттарды тынымсыз тазалашууда.

Учурда Бишкектеги жалпы 743 аялдаманын, 300дөн ашыгына хлор

кошулган аралашма менен вирустун алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле, иш-чаралар ор калаадагы тротуар жана скверлерде

жүргүзүлүп жатат. Мындан тышкары коомдук унаалар

күнүнө 4 жолу  атайын тазалоодон өтүүдө.