“Достук” өткөрмө бекетинде чектөө киргизилди

“Достук” өткөрмө бекетинде Кыргызстандан Өзбекстанга жарандардын чыгуусуна чектөө киргизилди.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бекетте капиталдык курулуштун аяктаганына байланыштуу Кыргызстандан чыгуу үчүн төрт паспорттук көзөмөл кабинасы иштеп жатат.

Бекет бүгүн кечке чейин чектелген режимде иштейт.

Буга байланыштуу адамдардын жана унаалардын топтолуп калышы күтүлүүдө. Чек ара кызматы жарандарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле жасап, каттамды алдын ала пландаштырууга чакырат.