Ордо калаада ачылган эки түнкү стационар абалы оор бейтаптарды кабыл алат.
Зарыл болсо аларды кычкылтек концентраторуна кошот, — дешти мэриянын басма сөз кызматынан.
Стационарлардын бири 7-кичи районундогу ДСК спорт комплексинин имаратында жайгашкан.
Ал жакта 120 орун бар. Ал эми экинчиси — Фрунзе — Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан
ресторанда. Анда 100 орун камсыз. Бул жакта медицина кызматкерлери министрлик
тарабынан бекитилген алгоритм боюнча бейтаптарды дарылап, тамчылатма дары коюшат.