Кыргызстанда коронавируска массалык түрдө текшерүү эки күндө башталат

Кыргызстанда коронавируска массалык түрдө текшерүү эки күндө башталат.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жеке лабораториялардын бири мамлекеттик лабораториянын

базасында иштөөгө киришти. Бир анализдин баасы орто эсеп менен эки миң сомдон жогору болот.

Кошумчаласак, республикада коронавирус жуктуруп алгандардын саны 568ге жетти.

Айыгып чыккандар 201 адам болсо, жетөө каза тапты.