Бишкекте коронавирустан адамдар кулап жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт

Бишкекте коронавирустан адамдар кулап жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык тармактарда жана мессенжерлерде эркек адам жерде жатканда тартылган

видео тарап жатат. Ыкчам медицина борборунан билдиришкендей, бүгүн,

Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде тротуарда эс-учун

жоготкон адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Кароо учурунда

дарыгерлер жаш жигит мас экенин аныкташты. Ал үйүнө жеткирилди.

Жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартылат.