Кыргызстанда коронавируска кабылган дагы 2 учур катталды.
Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси
Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, бейтаптар
Ноокат районунун жашоочулары. Алар изоляцияга алынды,
абалы канааттандыраарлык. Белгилеп кетсек, бүгүн Кыргызстанда
вируска чалдыккан 16-учур катталды. Республика
боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланды.