Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүп жатат.
Аны каржылоо маселеси чечилди. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей,
Түштүк аймактык жүрөк-кан-тамыр хирургиясынын изилдөө борборунун имараты да
капиталдык ремонттон өткөрүлүүдө. Кошумчаласак, учурда Бишкек жана
Ошто 100 орундуу, Баткенде 90, Нарында 70 орундуу бейтапканалар курулууда.