Кыргызстан Беларусиядан 150 миң ПЦР тест система сатып алууну пландап жатат

Кыргызстан Беларусиядан 150 миң ПЦР тест система сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

Анын айтымында, лабораториялык тестирлөө кеңейтилгендиктен, тесттерди сатып алуу уланууда. Буга чейин Кытай 100 миң тест-система жиберген. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 1 миң 44 адамда коронавирус аныкталды.