Бишкекте кышкы көчөттөр тигилүүдө. “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык кызматынын маалыматына ылайык, Масалиев көчөсүнүн Бакаевге чейинки тилкесинде 66 ийне жалбырактуу бак отургузулду.
Ошондой эле ар түрдүү сорттогу бактар Ала-Арча дарыясын бойлой тигилип жатат. Алар кышкысын үшүп калбашы үчүн, тамыры жылуулатылууда.