Жасалма номур менен жүргөн чуулуу машиненин ээси аныкталды

Бир жума мурун Интернетте 01 578 ASD деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тарап, алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов ал автоунаанын ээси аныкталып, машинеси айып токтотмого коюлганын айтты:

 

— Жөнөкөй жаран экен. Прокуратурага да, Мамкаттоого да тиешеси жок. Ал номур жасалма, Мамкаттоонун базасында да жокко чыгарылыптыр. Ал айдоочу өзү «номурду базардан таап алгам» деп көрсөтмө берип жатат.

 

Айдоочуга жасалма номур тагып жүргөнү үчүн айып салынат.