Кыргызстанда 10 миңге жакын дыйкан жеңилдетилген насыя алды

Кыргызстанда 10 миңге жакын дыйкан жеңилдетилген насыя алды. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат “Айыл-чарбасын каржылоо-7” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жатат.

 

Берилген сумма 5 миллиард 1 миллион сомду түзөт. Анын басымдуусу, же дээрлик 2,51 миллиард мал чарбачылыгына багытталса, 1 миллиард сомдон ашык өсүмдүк өстүрүүгө, 1 миллиард 300 миллион сом кайра иштетүү тармагында берилди.  Насыя алган дыйкандардын көбү Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустарында жашайт.