Бишкекте коомдук унаалар коменданттык саат башталганга чейин иштейт.
Бул тууралуу novosti.kgге Ордо калаанын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы
Улан Жумаков билдирет. Анын айтымында, маршруттук унаалардын, автобустардын жана
тролейбустардын каттамы шаардагы кырдаалга жараша болот.
Азырынча, Бишкектеги транспорт боюнча башка жарлык чыга элек.