Бишкекте кытайлык гранттын эсебинен жолдорду оңдоо иштери 27-февралда башталат

Бишкекте кытайлык гранттын эсебинен жолдорду оңдоо иштери 27-февралда башталат.

Мэриянын маалыматы боюнча, 25 көчө жумуштар үчүн убактылуу жабылат. Алардын

толук тизмеси менен новости.кг сайтынын кыргызча бөлүмүнөн таанышса болот.

Калаа бийлигинен белгилешкендей, оңдоло турган көчөлөрдүн басымдуусу былтыркы

жылда аяктабай калган. Эми аларда иштер кайра жанданат. Андыктан, айдоочуларга

ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн каттамдарды эртелеп түзүп алуу сунушталат.