Балыкчыдан Эпкинге чейинки жолду оңдоо иштери уланууда

Балыкчыдан Эпкинге чейинки жолду оңдоо иштери уланууда.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, учурда

асфальттын астыңкы катмарын төшөө иштери жүрүүдө. Курулуш

сезонунун аягына чейин куруучулар дагы 18 чакырым аралыкка

асфальт төшөйт. Эске салсак, бул долбоор өзүнө 70 чакырымдык

экинчи категориядагы эки тилкелүү жолду камтыйт. Андан тышкары,

калк жашаган аймактарды жарыктандыруу дагы каралган.