Месси Сауд Арабия клубуна өтүп калса, айлыгы жылына 500 миллион еврого чейин жетет

Месси Сауд Арабия клубуна өтүп калса, айлыгы жылына 500 миллион еврого чейин жетет. Буга чейин аргентиналык футболчунун ПСЖдан араб клубуна которула тургандыгы боюнча тема жабылганы айтылган.

 

Бирок учурда ММКларда кошумча маалыматтар тарап жатат: Месси трансферге оозеки макулдугун берди, азырынча документтерге кол коюла элек.

 

Сауд Арабия Мессиге 500 миллион евро сунуштады, ар кандай бонустарды эсепке алганда бул фантастикалык сумма дагы өсүп,    600 миллионго чейин жетет.