Кыргызстандагы ишканаларга санитардык нормаларды сактабаганы үчүн
дээрлик 1 миллион сом айып салынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматына ылайык, кеп, 1-майдан тарта ишмердүүлүгүн жанданткан
мекемелер тууралуу болуп жатат. Жалпысынан 680 объектиге айып салынса,
3 миңден ашык ишкана эскертүү алды.