Бишкекте «Үмүт» эл аралык кино форуму өтөт

Бишкекте 29-марттан 1-апрелге чейин “Үмүт» эл аралык кино форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Бул жылы тасмаларды көрсөтүү кино адистери менен талкуу форматында өтөт. Анда Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн алдыңкы кинематография адистеринин эксперттик пикирлери, сунуштары жана сунуштамалары орун алат.

 

Ошондой эле форумдун катышуучуларын белгилүү кинематографисттердин, режиссерлордун кызыктуу мастер-класстары, «А» классындагы абройлуу дүйнөлүк кинофестивалдардын катышуучуларынын салттуу атайын көрсөтүүлөрү күтөт.

 

Мындан тышкары, форумдун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандары үчүн питчинг сессияларын өткөрүү мерчемделүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча режиссёрлор долбооруна жарым-жартылай каржылык колдоо алууга мүмкүнчүлүгү бар.