Таласта улуттук форум-фестиваль өтөт

Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы Кочкор-Ата жайлоосунда «Куттуу элдин урааны — «Манас» аталышындагы улуттук Талас форум-фестивалы өтөт. Иш-чара 24-25-июнда болорун Кыргыз улуттук «Манас» театрынан кабарлашты.
Аталган иш-чарада манасчылар жыйырма төрт саат бою улуу баянды айтып, ак таңдай төкмө акындар, дастанчылар калың элдин жарпын жазып, өнөрлөрүн тартуулайт.
Андан тышкары «Манас» эпосу тууралуу пикир алышуу болот.