Жалпы республикалык тестирлөөнүн экинчи баскычы башталды. ЖРТ үч баскыч менен өтөт.
Биринчиси 21-22-июнда өткөн. Тестирлөөгө түрдүү себептер менен мөөнөтүндө каттала албай калып, сынакка кирбей калгандар үчүнчү баскычта 11-12-июлда тапшыра алат.
Жыйынтык 13-19-июль аралыгында белгилүү болот. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, Жалпы республикалык тестирлөө сынагын өткөрүү үчүн 117 борбор даярдалган. Санитардык талаптар көзөмөлдөнүп, окуучулардын аралыгы медициналык алгоритмге ылайык сакталат.