Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында бардык мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга өттү

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында бардык мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Алымкан Мырзалиева билдирди.

 

Анын айтымында, балдар аралыктан 1-февралга чейин билим алышат. Буга шаардагы эпидемиологиялык абалдын курчушу себеп болду. Айрым билим берүү мекемелеринде коронавирус жуктуруу фактылары катталды.