Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фондунун эсебинен мектептерди куруу иштери уланууда.
Novosti.kgге мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей,
учурда республика боюнча 27 мектеп салынып жатат. Анын ичинен 5 мектеп толук бүтүп,
пайдаланууга берилди. Билим берүү мекемелери 150дөн 225 окуучуга чейин чакталган жана
алар Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында жайгашат. Калган объекттердин курулушун
быйыл жыл аягына чейин бүтүрүү пландалган, бирок пандемия маалындагы
карантинден улам курулуш иштери кечигиши ыктымал.