Бишкекте массалык уулануу катталып, 39 адам медициналык мекемелерге кайрылды. Санэпидем көзөмөл борборунун маалыматына ылайык, ордо калаадагы Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан ресторанда 15-18-апрелде той болгон.
Дүйшөмбүдөгү коноктордон 27, бейшембидеги меймандардан 12 адам ооруканага кайрылган. Массалык уулануунун себептерин аныктоо максатында плансыз текшерүү жүргүзүлүп, лабораториядан текшерүү үчүн тамак-аштан, суу аккан жерлерден үлгүлөр алынды.
Ресторанга 13 миң сом айып салынып, иши токтотулду.