Ала-Бука жана Жаңы-Базар унаа жолуна кар көчкү түштү

Ала-Бука жана Жаңы-Базар унаа жолуна кар көчкү түштү.

Бул тууралуу Кыргызгидрометтин бөлүм башчысы Султанбек Белеков novosti.kg ге билдирет.

Анын айтымында, бүгүн аталган тилкелерге 900 куб метр кар массасы түштү.

Нөөмөттөгү жолчулар тазалоо иштерин дароо жүргүзүшүп, жол кыймылына чектөө киргизилген жок.

Эске салсак, 13-февралга чейин Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолдорунда,

Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана  Чычкан капчыгайында кар массалары түшүшү мүмкүн.

Айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоосу кажет.