Жакынкы күндөрү өлкө трассаларында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Жакынкы күндөрү өлкө трассаларында кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Бул тууралуу Кар көчкү коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Султанбек Белеков

novosti.kgге билдирди. Анын айтымында, учурда Кыргызстан аймагында

кар көчкү түшүү кооптуулугу жок. Бирок 26-январдан 28ине чейин Бишкек — Ош,

Мырзаке-Кара-Кулжа — Алай-Куу, Ала-Бука — Каныш-Кыя жана

Красная горка — Ак-Таш унаа жолдоруна кар массасы түшүшү күтүлүүдө.

Жолдор тайгак болуп, кар күрткүлөрү пайда болот.

Бул күндөрү айдоочуларга этият болуу сунушталат.