Кара-Кулжа районундагы селдин кесепети дээрлик 9 миллион сом зыянга учуратты

Кара-Кулжа районундагы селдин кесепети дээрлик 9 миллион сом зыянга учуратты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей,  аймактагы Сары-Булак, Кара-Кочкор,

Ак-Кыя айылдарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам коктулардан аккан сел 159 турак жайдын короосун каптап,

45 үйдүн жер төлөөсүнө суу толуп калган. Жабыр тарткан объектилерден тышкары,

сууга аккан малдар жана үй канаттуулары бар. Эске салсак, аталган айылдарда

ушул жумада суу ташкынынан 200 жергиликтүү тургун мектеп имаратына эвакуацияланган