Кыргызстанда бүгүн таң эрте дагы жер титиреди

Бүгүн таңкы саат 6:04 чамасында Кыргызстандын түштүк бөлүгүндө жер титирөө катталганын Сейсмология институтунан кабарлашты.
Силкинүүнүн магнитудасы 3,8ге жетип, тереңдиги 13 чакырымда экени айтылды. Очогу Кыргызстандын аймагында, Нура айылынан 15 чакырым, Икизяк айылынан 18 чакырым түштүк-батышты карай жана Ош шаарынан 137 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөө Ош облусунун Нура, Икизяк айылдарында 3 балл, Эркеч-Там жана Көк-Суу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Кечээ кечки саат 21:05те Бишкекте дагы жер силкингени сезилген.