Үч округ боюнча парламент депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмеси түзүлдү. Боршайкомдун маалыматы боюнча, ага жалпысынан 340 миң адам кирди.
Добуш берүүчүлөрдүн аты-жөнү менен тизмелер эртең бардык шайлоо тилкелеринде илинет. Эске салсак, Баткен, Кара-Суу жана Ош округдарында Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-апрелде өтөт.