Бишкекте оңдоо иштеринен кийин 11 көчө кыймылга ачылды

Бишкекте оңдоо иштеринен кийин 11 көчө кыймылга ачылды. Мэриянын маалыматына ылайык, алар – Көкчө-Тоо, Ташкент, Каркыра, Дзержинский, Карасаев, Стадионная, Буденный, Жукеев-Пудовкин, Матросов, Шота Руставели жана Өмүракунов көчөлөрү.

 

Айрымдарында калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктаса, кээ бирлеринде уланууда, бирок тыгындарды алдын алуу үчүн аларды бир тараптуу ачуу чечими кабыл алынды.