Ордо калаадагы маршруттук унаалар аялдаманын 20 пайызына гана токтошот

Ордо калаадагы маршруттук унаалар аялдаманын 20 пайызына гана токтошот.

Бул тууралуу вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди. Анын айтымында,

марттан баштап автобустарга жашыл түс менен, ал эми маршруттук унаалар

үчүн аймак сары түс менен белгиленет. Көбүрөөк бөлүгү же 80 пайызы

автобустарга бөлүнмөкчү.  Мындай иштер жол тыгындарын азайтуу үчүн жана

коомдук унааларды тартипке келтирүү максатында жасалып жатат.