Кыргыз улуттук академиялык драма театры көрүүчүлөргө ушул жылы эшигин ачат

Кыргыз улуттук академиялык драма театры көрүүчүлөргө ушул жылы эшигин ачат.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, учурда имараттын айнектери алмаштырылып,

жылуулук берүү системалары орнотулуп жатат. Ремонттук иштер былтыркы жылдын

аягында башталган. Белгиленген планга ылайык, маданият үйү ушул жылдын ичинде

толук оңдоодон өтөт. Кошумчаласак, өкмөт былтыр оңдоо иштерине 198 миллион сом бөлгөн.

Каражатка 3 театрдын оңдолушу бекитилген.