Бишкектин бала бакчаларына электрондук система менен 30 миң бала кезекте турат.
Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди. Анын айтымында, мындай абал мектепке чейинки билим берүү мекемелери дээрлик 2 жыл иштебей турганына байланыштуу.
Учурда мэрия эпидемиологдордун корутундусун күтүп жатат. Андан кийин бала бакчалардын иштөө тартиби аныкталат.