Лионель Месси хет-трик жасап, легендарлуу Пеленин рекордунан ашып өттү

Лионель Месси хет-трик жасап, легендарлуу Пеленин рекордунан ашып өттү. Бүгүн Аргентина курамасы дүйнө чемпионатына тандоо турунун алкагында Боливияны 3:0 эсебинде жеңди.

 

Үч топту тең ПСЖнын футболчусу Лионель Месси киргизди. Муну менен ал Түштүк Америка континентиндеги улуттук командалар үчүн киргизген голодорунун саны боюнча рекорд орнотту. Месси курама үчүн 79 гол киргизсе, Пеле 77 гол менен эң алдыда болчу.