Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен соң төрт көчө ачылды

Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен соң төрт көчө ачылды.

Мэриянын маалыматына ылайык, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында ордо калаанын Фрунзе, Ашар, Интергельпо жана Манас көчөлөрү оңдолду.

Белгиленгендей, бардык жерде тротуарлар төшөлүп, ирригация курулду. Жумуштар кытай грантынын эсебинен жүргүзүлдү.