Ошто ипотекалык турак жайды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлдү.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анын курамына муниципалитеттин,
УКМК башкармалыгынын кызматкерлери, активисттер жана юристтер кирди.
Комиссиянын милдети – Ош мэриясынын ипотекалык ишканасы тарабынан
курулган турак жайларды жана тиричилик эмес мекемелерди бөлүштүрүү.
Эске салсак, учурда калаада муниципалдык ипотекалык программанын
алкагында бериле турган көп кабаттуу 3 үй тургузулууда.