Бишкекте Панфилов көчөсү кыймылга ачылды

Бишкекте Панфилов көчөсү кыймылга ачылды. Мэрия маалыматына ылайык, анын Медеров көчөсүнөн Чоң Чүй каналга чейинки тилкеси калыбына келтирилди. Бул жерде асфальт катмары жаңыртылып, ирригация системасы өткөрүлүп, жаңы тротуарлар салынды.

 

Иштер кытайлык гранттын эсебинен “Бишкектин жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинфи фазасынын алкагында жүргүзүлдү.