Нарын облусундагы жолдору оңдоо иштерин жыйынтыктоого дээрлик 4 миллион сом сарпталат.
Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, кеп, Ат-Башы районунун борбору жана
Он-Арча – Жаңы-Талап – Ашырма трассасынын бир бөлүгү тууралуу болуп жатат. Жол катмарын
оңдоо иштери Бишкек – Нарын – Торугарт трассасын калыбына келтирүүдө үнөмдөлгөн
каражаттын эсебинен жүргүзүлөт. Жумуштарды быйыл июль айына чейин аяктоо пландалып жатат.