Тажик тарап жардырган Баткен облусундагы 36 метрлик көпүрө бир сыйра оңдолуп, унаалар үчүн ачылды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, көпүрө Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун 7-чакырымында Дача — Чайхана тилкесинде жайгашкан. Калыбына келтирүү иштерине 7 атайын техника тартылды. Учурда ал аркылуу жүк ташуучу жана жеңил унаалар өтө баштады. Эске салсак, тажик тарап аталган көпүрөнү 16-сентябрда атайлап жардырып салган.