Австралиялык окумуштуулар Айда өсүмдүктөрдү өстүрүүнү пландап жатат

Австралиялык окумуштуулар Айда өсүмдүктөрдү өстүрүүнү пландап жатат. Эксперимент 2025-жылга белгиленди. Азырынча өсүмдүктөрдүн түрү аныктала элек.

 

Бирок окумуштуулар бардык учурда жакшы өсүп чыккан уруктарды тандоо ниетинде. Бул Айдын колонизациясы үчүн чоң кадамдардын бири болуп саналат. Келечекте анда кычкылтек жана дары-дармек өндүрүү үчүн өсүмдүктөрдү өстүрүү пландалууда.