Бишкекте эртең чуркоо марафонуна байланыштуу борбордук көчөлөр кыймылга жабылат

Бишкекте эртең чуркоо марафонуна байланыштуу борбордук көчөлөр кыймылга жабылат. Бул тууралуу мэрия маалымдайт.

 

Эртең мененки саат 7.30дан 10го чейин Абдымомунов, Панфилов, Раззаков, Түштүк Магистраль жолдору, Чүй проспекти аркылуу унаалар өткөрүлбөйт.

 

Чектөөлөр эл аралык кайрымдуулук марафонуна байланыштуу. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.