Парламенттик шайлоого катышарын билдирген партиялардын саны 34кө жетти

Парламенттик шайлоого катышарын билдирген партиялардын саны 34кө жетти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, парламенттик шайлоо

дайындалгандан соңку беш күндүн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар

БШКга бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Саясий партиялар сунуш кылган

талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо бекитилген күндөн тартып, добуш берүүгө

45 күн калганга чейин жүргүзүлөт. Эске салсак, өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалды.