Бишкекте шаардык объектилерди мородерлуктан коргоо үчүн ыктыярдуу элдик бирикме түзүлүп жатат

Бишкекте шаардык объектилерди мородерлуктан коргоо үчүн ыктыярдуу элдик бирикме түзүлүп жатат.

Соцтармак колдонуучулары билдиришкендей, @BizdinBishkek Telegram-каналы пайда болду.

Ал жакка каалоочулар өздөрү тууралуу маалыматтарын жиберип, биримдикке мүчө боло алат.

Белгилеп кетсек, учурда ордо калаада милиция кызматкерлери жок. Коопсуздукту ким камсыздап жатканы белгисиз.

Дал ушул маселе шаардыктардын өздөрү коргонуу чараларын ойлоп табууга алып келди.