Кыргызстанда калктын дээрлик 6 пайызы коопсуз таза суу системасына кошулган эмес.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, адамдар сууну ачык көлмөлөрдөн алып пайдаланышат.
Бул өз кезегинде ден-соолукка кооптуулук жаратат. Андан тышкары, ысык суу жана
борбордук жылытуу системасына шаар аймактарынын басымдуу батир жана турак-жайлары гана туташтырылган.
Ал эми айыл жергесинде мындай камсыздоолорго үйлөрдүн жеткиликтүүлүгү төмөн деңгээлде.