«Ювентус» менен «Милан» командаларынын оюну жылдырылды

«Ювентус» менен «Милан» командаларынын оюну коронавирустан

улам жылдырылды. Оюн футбол боюнча Италиянын кубогунун

жарым финалынын жооптук беттеши болмок. Эми ал качан

уюштурулаары белгисиз. Кошумчаласак, оюн бүгүн Туринде өтмөк.

Италияда буга чейин да бир катар футболдук беттештер жылдырылып

келгени маалым. Акыркы маалыматтарга караганда, Италияда

3 миңге жакын адам вирусту жуктурса, 79 адам каза тапты.