Бишкектеги мектептер жаңы окуу жылына даяр

Бишкектеги мектептер жаңы окуу жылына даяр.

Калаа бийлигинин маалыматына ылайык, атайын түзүлгөн

комиссия ар бир мектепте медициналык бөлүмдүн бар жогун жана

анда дарыгерлер, медайымдар иштеп жатканын текшерди.

Андан тышкары, ордо калаа мектептеринде 7 миңден ашык

мугалим эмгектенсе, алардын 60 пайызы эмдөөдөн өттү.

Ошондой эле ар бир мектептин кире беришине кирүү фильтри

орнотулду, андан адамдын дене табы текшерилет, маалымат

атайын журналга киргизилет. Беткап тагынуу режими сакталат.

Окуучулар колдорун таза жууп, антисептик колдонот.