Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы бүгүн 7-июнда Японияда тыныгуудан
кийинки беттешин өткөрөт. 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо
турунун алкагында биздин команда Монголия менен ойнойт. Кыргызстан ойногон
F тайпасынын оюндары Осака шаарында болот. Андан кийин биздин
футболчулар 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Япония менен беттешет.