Ош шаарындагы жаңы оорукананын курулуш иштери 50 пайызга аткарылды

Ош шаарындагы жаңы оорукананын курулуш иштери 50 пайызга аткарылды.

Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,

100 орундуу медициналык мекемени салуу иштери июлда башталган.

Имарат тез тургузулуучу конструкция менен курулууда. Анда ички жылытуу системасы,

суу түтүктөрү орнотулуп, канализация тартылды. Учурда ички тосмолорду орнотуу,

чатырын жабуу жана терезелерди орнотуу иштери жүрүп жатат.

Долбоорго 50 миллион сом керектелет. Каражат «Аймактарды өнүктүрүү боюнча

социалдык өнөктөштүк фонду» тарабынан бөлүнүп берилди.