Кыргызстанда медициналык мекемелерге 49 тез жардам унаасы берилди

Кыргызстанда медициналык мекемелерге 49 тез жардам унаасы берилди.

Иш-чара бүгүн Бишкектеги эски аянтта өттү. Унаалардын 37си “Коопсуз шаар”

долбоорунан түшкөн каражатка сатып алынды. 12си Ислам өнүктүрүү банкы

бөлүп берген акчага алынды. Техникалар өлкөнүн жети облусуна муктаждыкка жараша бөлүштүрүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен белгилешкендей, демөөрчүлөрдүн

эсебинен дагы 60 тез жардам унаасын сатып алуу пландалууда.